Биз менен байланышыңыз

Кабмин өлкөдөн дары жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга тыюу салды

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 201 | 0

Министрлер кабинети калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу жана тартыштыкты болтурбоо максатында дары-дармек жана медициналык буюмдарды өлкөдөн ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгени жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлоого тийиш.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгени жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарлоосу шарт.

Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM