Биз менен байланышыңыз

Эми Оштогу бардык маршруттук каттам онлайн көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 402 | 0

Жаз мезгилинен тарта Оштогу бардык маршруттук каттамды мобилдик тиркемеден көрүүгө болот. Бул тууралуу 24-январда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаевдин катышуусунда өткөн Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Мунарбек Тургунбаев билдиргендей, 2021-жылда GPS-навигаторлорун киргизип, MiniBus мобилдик тиркемесин туташтыруу багытындагы санариптештирүү жумуштары аткарылган.

«Учурда №125, 135, 107 маршруттук линиялардын кичи автобустары MiniBus тиркемесине туташтырылып, алардын иши онлайн көзөмөлдө. Жакынкы күндөрү бул системага №143, №108, №118 каттамдарды кошуу пландалууда. Ал эми жаз айларына карата калаадагы бардык кичи автобустарга GPS-навигаторлорун орнотуп, мобилдик тиркемеге туташтырылат. Мындан сырткары айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу кечки саат 20:00дөн кийин каттаган кичи автобустардын саны 2 эсеге көбөйдү», — деди Тургунбаев.

Эскерте кетсек, Ош шаарында күн сайын 650-700гө жакын кичи автобустар 45 каттамда жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM