Биз менен байланышыңыз

Төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыкты (видео)

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 5036 | 0

Төкмө акын Болот Назаров үй камагына чыкты. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Аны Бишкек шаардык милициясынын имаратынан аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда алып чыгышты.

Абдиев журналисттерге: «Азыр сотко алынып баратат, мыйзамдуулугун текшергенге. Үй камагына чыгарылды. Ал жерде 15-20 мүнөт болот, андан кийин үйүнө кетет», — деп билдирди.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен акын Болот Назаровду кармалганын, андан өзгөчө жыты бар кочкул күрөң түстөгү зат салынган желим боо табылганын билдирген.

Анын салмагы таңгак менен бирге 14,71 граммды түзгөн. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, зат салмагы 8,69 граммды түзгөн баңгизаты болгон кара куурай чайыры «гашиш» болгон.

Буга байланыштуу Болот Назаров Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 48 саатка камалган.

Өнөрпоз Болот Назаров бийликтин туура эмес иштерин сындап ырдаган. Анын «Жемкорлукка», «Тууганды бийлер туташты», «Эки дос» жана «Камчыке, кара калкыңды» деген чыгармалары бар.

Акындын жубайы жана бир туугандары анын кармалуусун каралоо катары баалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM