Биз менен байланышыңыз

Хелсинки комитети кыргыз бийлигин Темировдун ишин тез арада иликтөөгө чакырды

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 201 | 0

Норвегиянын Хельсинки комитети Кыргызстандын укук коргоо кызматкерлерин журналист Болот Темировду тинтүү убагында ага атайылап баңгизат ташталган деген маалыматты тез арада иликтөөгө чакырды. Кайрылуу уюмдун «Твиттердеги» расмий баракчасында жарыяланды.

Уюмдун айтымында, бул жогорку жетекчилик арасындагы коррупцияны иликтеген журналисттерди куугунтуктап жатышат деген божомолдордун алдын алуу үчүн жасалышы керек.

Кечээ милиция кызматкерлери атайын багыттагы жоокерлердин коштоосунда Темиров Live телеканалынын журналисттеринин Бишкектеги кеңсесине келишкен. Болот Темиров кармалып, борбор калаанын Ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ал эмнеге айыпталып жатканы азырынча белгисиз.

Бүгүн Болот Темиров менен бирге анын кесиптеши Болот Назаров кармалганы белгилүү болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM