Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Төрт-Көчөдөгү жер боюнча Нурлан Сулаймановдун да жоопкерчилиги бар

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 2650 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Баткендин Төрт-Көчө аймагындагы жер тилкесин Тажикстанга берүү аракетинде Нурлан Сулаймановдун да жоопкерчилиги бар деп эсептейт. Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы катары 2009-жылы Баткен-Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы жерди тажик тараптан ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Текебаевдин айтымында, бул документти эске алуу менен ошол жылы Нурлан Сулайманов Транспорт министри катары тажик өкмөтү менен Ош шаарында жолугуп, кыргыз тараптын атынан келишим түзгөн.

— Кийин келишимди ратификациялоо үчүн парламентке киргизишкен. Бийликтин «Ак-Жол» фракциясындагы депутаттардын көп экенин эске алганда, келишим тоскоолдуксуз колдоо тапмак да, сөз болуп жаткан жер Тажикстанга өтүп кетмек. Кыргыз элинин бактысына Апрель окуясы болуп калып, ратификациядан өтпөй калган. Кийинки парламент келип, бул келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келет деп, жокко чыгарган. Эгерде биз бул окуяны кылмыш деп эсептесек, Мадумаровго эмес, ошол келишимге кол коюп, аны мыйзам долбоору катары парламентке алып келген адамдарга иш козголушу керек. 

Текебаев протоколго кол койгон Мадумаровдун жоопкерчилиги Сооронбай Жээнбековдун, Садыр Жапаровдун президенттик мезгилинде көтөрүлүп жатканын белгиледи. Өкмөттүн атынан келишимге кол койгону айтылган Нурлан Сулаймановго иш козголбой, жогору кызматтарды ээлеп жүргөнүн да сындады.

Эскерте кетсек, Нурлан Сулайманов 2007-2010-жылдары Транспорт министри болуп иштеп турган. 2012-жылы Башкы прокуратура «министр кезинде коррупциялык схема түзгөн» деген кине менен Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде иш козгогон. Тергөөчүнүн берген маалыматы боюнча Сулайманов жол курулушунда 250 млн сомдук тендердин жыйынтыгын өз пайдасына чечкен. 2014-жылы ага Октябрь райондук соту издөө жарыялаган. 2018-жылы Сулаймановдун ишинин кыскартылганы маалымдалган.

2020-жылы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан талапкер катары катышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-январда Транспорт министрлигинде жыйын өткөрдү. Калктын көңүлүн отурумдун маңызынан мурун ошол учурдан тартылып алынган сүрөт бурду. Сүрөттөгү монтаждалып, жүзү тунартылган адам Нурлан Сулайманов болгонун бир катар басылмалар жазды. Сулайманов өткөн жылдын аягында Kaktus.media сайтына берген маегинде Акылбек Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси экенин ырастаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM