Биз менен байланышыңыз

28-январга чейин салык режимин тандашыңыз керек

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 196 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 28-январга чейин салык режимин тандоо жөнүндө арыз менен кайрылуу керектигин эскертет. 

2021-жылдын 31-декабрына чейин милдеттүү патенттин, салык контрагынын, чекене сатуудан салыктын негизинде салыктарды төлөгөн төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө катталган жери боюнча мекемеге кайрылуулары зарыл.

Белгиленген формадагы арыз салык органынан берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Салык төлөөчү жалпы салык режимин тандоодо бир эле учурда КНС төлөөчү катары каттоого арыз берет.

Жылдык кирешеси 30 млн сомго чейинки жалпы салык режиминдеги төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышат. Эгер алар КНС төлөөчү катары катталган болсо, КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылат.

Салык төлөөчүлөрдүн калган категориялары салык органдарына арыз менен кайрылуунун кажети жок.

Жаңы Салык кодексинин кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Белгиленген графикке ылайык, салык органдарынын «Бирдиктүү терезелери», Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, демалыш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM