Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Талас облусунда иш сапары менен жүрөт

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 120 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Анда Жапаров аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары карала турган жыйынга катышат.

Мындан тышкары «Манас-Ордо» комплексине барат, кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Жапаров ошондой эле Киров суу сактагычына  барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM