Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Бишкекте 24 мектеп онлайн окутууга өттү

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 298 | 0

20-январга карата Бишкек шаарында жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 600 учурду түздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө борбор калаада 24 мектеп онлайн окутууга өттү: Свердлов районунда №№ 4, 11, 12, 38, 67, 30, 32, 33, 52, Биринчи май районунда — 6, 18, 28, 29, 48, 70, Октябрь районунда — 17, 26, 88, 62, 60, 73, 61, Ленин районунда — 9, 13. Бул мектептерде коронавирус жуктурган эки-үч учур аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM