Биз менен байланышыңыз

Токторбаев Имановдун ордуна Айнура Туйбаеваны сунуштады

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 2257 | 0

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна президент Садыр Жапаров сунуштаган Талант Имановдун талапкерлиги каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жеңишбек Токторбаев буга чейин өкмөт сунуштаган Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбековдун коррупцияга шектелип кармалганын мисал келтирип, санариптик өнүктүрүү министрине сунушталып жаткан Талант Имановду кандай критерий менен тандалганын сурады.

Ошондой эле ал Талант Имановдун артында колдоочулары күчтүү экенин, ар эки жыл сайын жогорку кызматка көтөрүлүп келатканын белгиледи.

Эл өкүлү ошондой эле кечээтен бери Талант Имановго жардам берип жүргөн кыздын мыкты кызматкер, күчтүү адис катары ар бир суроого жооп берүүдө кагаздарын даярдап берип жатканын айтып, эмне себептен көп жылдык тажрыйбасы бар ички кадрлардын коюлбай турганына кызыгып суроо салды.

Тактай кетсек, Талант Имановго жардам берип жаткан айым санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Айнура Туйбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM