Биз менен байланышыңыз

Бажы кызматынын төрагасы коррупцияга шектелип кармалды

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 990 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 17-январда кабарлады.

Маалым болгондой, УКМК бажы кызматынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги катышкан ири коррупциялык иштер боюнча маалыматтарды алган.

Бул боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө Бажы кызматынын жетекчилиги товар импорттоого катышкан жеке компанияларды коргоп, жеңилдетилген шарттарды түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузганы, үзгүлтүксүз пара алып туруу үчүн товарларды жашыруу схемаларын колдонгону, жеке байлык топтоо максатында инвестор компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашырганы аныкталган.

Аталган фактылар боюнча үстүбүздөгү жылдын 17-январында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында бул кылмышка шектүү делип Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК бул кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берип турат.

Copyright © 2017 Maral FM