Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 6-декабрындагы чечими менен айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү.
Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.
Ал эми 2021-жылдын жайында Дүйшөнбек Зилалиевдин иши Жогорку Сот тарабынан райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.