Биз менен байланышыңыз

БШК: Кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 32ге жетти

Кыска кабар | 16 Янв 2022 | 286 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 32ге жетти.

Боршайкомдун маалыматына караганда, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда, 27-январь саат 18:00дө аякташы керек.

Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

27-февралда Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов районунда бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.

Аталган округдарда 28-ноябрда өткөн шайлоодо «бардыгына каршы» болгондор басымдуулук кылган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Биринчи май округунан депутаттыкка аттанган талапкерлер:

1. Мамбетсадыков Азамат Нурбекович

2.Жоробеков Азаматбек Жолборсович

3. Нурматов Темирбек Асанович

4 .Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич

5. Кермалиев Таалайбек Женишович

6. Момбеков Рыскелди Чыныбекович;

7. Гапаров Адылбек Абдикаримович;

8. Акылбеков Русланбек Акылбекович;

9. Аматов Рысбай Аматович;

10. Сартаев Анвар Айдарович;

11. Токтакунов Нурбек Акбарович;

12. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;

13. Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;

Свердлов округунан депутаттыкка аттанган талапкерлер:

1. Эргешов Казыбек Кочкорович

2. Мотуев Нурдин Аманканович

3. Абышев Медер Болотович

4. Муртазалиев Абдурахман Шамильевич

5. Аспек уулу Азамат

6. Маматкулов Нурланбек Жолошович

7. Саадабаев Бакыт Муратбекович

8. Бакиров Бакыт Жээнтайович;

9. Алканова Элнура Сайдиракмановна;

10. Болотбеков Бакытбек Болотбекович;

11. Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;

12. Карамушкина Ирина Юрьевна;

13. Шайлообек Атазов Карыбекович;

14. Султанбеков Муратбек Кеңешбекович;

15. Бейшенбаев Эдил Нурбекович;

16. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;

17. Жолдошова Назгүл Амантуровна;

18. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;

19. Алмамбетова Гуля Идиновна.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM