Биз менен байланышыңыз

Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» иши боюнча отчет берди

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 722 | 0

Министрлер кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмесинде Кумтөр алтын кениндеги иштер жөнүндө маалымат берилди.

Бул тууралуу аткаруу бийлигинин расмий сайты жазды.

14-январда болгон өкмөттүн жыйында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, 2021-жыл үчүн алтын кендеги иштин жыйынтыгы боюнча отчет берген.

Бирок өкмөттүн сайтында мындан башка маалымат айтылган жок.

«Кумтөргө» 3 айлык мөөнөткө убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына 18-майда дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM