Биз менен байланышыңыз

Баткенде атезчилик жүктү ташыган эки адам кармалды

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 219 | 0

14-январда Баткен облусунун Лейлек районунун Вышка участкасында чек арачылар 29 жаштагы М.И. аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Volkswagen Crafter унаасы токтоткон.

Ал жаран Кыргызстандан Тажикстанга тиричилик техникасын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул эле күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында чек арачылар Кыргызстандын жаранын Тажикстан жаранынан контрабандалык жүк – 30 кутудан ашык мандарин алып жаткан жеринен кармашкан.

Кармоо учурунда Тажикстандын жараны чектеш аймакка из жашырууга үлгүргөн. Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын 26 жаштагы Т.З. аттуу жаранын кармашкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүк териштирүү үчүн чек ара заставасына жеткирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM