Биз менен байланышыңыз

Казакстанга жөнөтүлгөн кыргыз аскерлери кайтып келди

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 217 | 0

Бүгүн, 14-январда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган аскердик контингент кайтып келди.

Кыргызстан келишимдин алкагында Казакстанга 150 жоокер, 8 зооттолгон техника жана 11 аскердик автоунаа жөнөткөн.

Бүгүн алар кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» посту аркылуу Кыргызстандын аймагына келишти.

Журналисттер менен чогуу аскерлерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тосуп алды.

«7-январда бизди аскерлер Казакстанга барып, өз миссияларын аткарууга киришкен. Кыргыз аскер кызматчылары Алматы шаарынын ЖЭБ-2 маанилүү стратегиялык объектисин кайтарышты. Миссия аткаруу учурунда эч кандай кырсыктар катталган эмес жана жеке курам, техника толук курамда эсен-аман келишти», — деди Ташиев журналисттерге.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2-январда башталган. Алгач өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары суюлтулган газдын эки эсе кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка шаарларга да жайылган.

Алматыда 4-5-январда коопсуздук кызматкерлери менен кагылышуу болуп, полиция газ жана үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон. Казакстанда интернет өчүрүлүп, бир катар телеканалдардын көрсөтүүсү убактылуу токтотулган.

5-январда эртең менен өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, республиканын Коопсуздук кеңешин жетектеп, анын биринчи жыйынында Казакстандагы абалды «мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу» деп атап, ЖККУга «террордук коркунучту жеңүүгө» жардам сурап кайрылган. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстанга Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM