Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине төрт депутат көрсөтүлдү

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 960 | 0

Бүгүн, 12-январда депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн карап жатат. Буга чейин парламенттин түзүмүн иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Төраганын үч орун басары кызматына фракциялар жана топтор өз талапкерлигин сунуштады.

Алар: Жамиля Исаева, Нурбек Сыдыгалиев, Нурланбек Азыгалиев жана Улан Примов.

Добуш берүү бюллетень салуу жолу менен өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM