Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссия үч вице-спикер жана 8 комитет түзүүнү сунуштады

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 625 | 0

Бүгүн, 12-январда депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн карап жатат. Буга чейин парламенттин түзүмүн иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, төрагалыгына Султанбай Айжигитов дайындалган.

Комиссиянын төрагасы спикердин үч орун басары, 8 комитет сунушун берип, түзүм 47 добуш менен кабыл алынды.

Комиссия берген түзүмгө ылайык, төмөнкү комитеттер түзүлөт:

  1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Жогорку Кеңештин регламенти;
  2.  Эл аралык мамилелер, коопсуздук, коргонуу, сырткы маселелер жана этностор аралык мамилелер;
  3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктүрүү;
  4. Социалдык саясат, социалдык камсыздоо, үй-бүлө, жумуш менен камсыз кылуу, маалыматтык саясат, мамлекеттик тил жана дин саясаты;
  5. Өнөр жай саясаты;
  6. Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш;
  7. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат.
  8. Укук тартиби, кылмышка, коррупцияга каршы күрөшүү комиети.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар депутаттар комитеттердин аталаштарын өзгөртүүнү сунушташууда.

Copyright © 2017 Maral FM