Биз менен байланышыңыз

Баткенде ККМди колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Кыска кабар | 11 Янв 2022 | 325 | 0

Баткен облусунун аймагындагы ишкерлерге көзөмөл кассалык аппараттарды колдонуу жана орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө ККМди орнотууну активдештирүү максатында ыкчам штаб түзүлүп, жер-жерлерде тиешелүү кызматтар тарабынан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда өлкөдө ККМдин эки түрү: аппараттык жана программалык модели колдонулат.

Аппараттык ККМ – дисплейи бар кадимки кассалык аппарат. Программалык ККМ – бул компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын жөнөтүү функциясы бар тиркеме.

Программалык ККМди бекер жүктөп алып, керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чакан принтерди сатып алуу керек болот.

Copyright © 2017 Maral FM