Президент Садыр Жапаров Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Түркия тараптын демилгеси менен телефондук сүйлөшүү уюштурулган.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле региондогу азыркы кырдаалды, анын ичинде Казакстандагы окуяларды талкуулашты.