Биз менен байланышыңыз

Жапаров депутаттарга: Казакстанга ЖККУ алкагында аскер жиберүүгө каршы чыкпагыла

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 5169 | 5

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЖККУ алкагында Казакстанга аскер жиберүү боюнча «Фейсбук» баракчасына билдирүү жазды.

Текст толугу менен:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу депутаттар!

Боордош коңшу Казакстанда болуп жаткан жагдай боюнча ар ким ар кандай ой-пикир айтып, 20-30дай популист жаран жеке кызыкчылыктары үчүн ушундай трагедиядан өздөрүнө пиар жасап калайын деген максаттарды көздөп, Ак үйдүн алдына чыга калышты. Менин сиздерден суранарым, мындай трагедиядан арзан пиар кылгандан алыс болсоңуздар. Силер эле мекенчил, акылдуу болуп, биз болсо көчөдө жүргөн адамдар эмеспиз. Биз дагы «жети өлчөп, бир кесип» жатабыз. Биз армиябызды «митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла» деп жиберип жаткан жокпуз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды да атпасына терең ишенебиз. Тескерисинче, туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз.

Кандай жардам?

Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУнун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик. Айрым депутаттар да популисттердин айынан каршы пикирлерин айта башташты.

Урматтуу депутаттар, каршы болбогула деп суранып кетет элем. Кам санабагыла. Азыр Казакстанда абал турукташып калды. Ошентсе дагы колубуздан келген жардамыбызды берип коёлу. Коңшуларыбызда тынчтык болсо, бизде да тынчтык болот».

5 пикир

5 пикир

  1. Баткен

    06.01.2022 19:20

    Баткенде Тажик мн согуш болгондо эмнеге ушинтип жан үрөбөдүң садыр?????

  2. Кутбидин

    06.01.2022 20:17

    Эркебаев Мен аскерлерди Казакстанга жонотуго каршымын

  3. Бибигул

    06.01.2022 21:28

    ЖККУга мучо катары ажобуз С.Н.Жапаров туура чечим кабыл алды. Айрым чагымчыл эл окулдорубузго айтарым бир женден кол, бир жакадан баш чыгарсаныздар жакшы болот.

  4. Барсбек

    06.01.2022 22:33

    Бул жолу молодец! Оноло баштады!

  5. Бакыт

    06.01.2022 23:41

    Жибербешибиз керек деген пикир билдирмекчимин. Себеби Казак бийлиги жеке кызыкчылыгында өз элин террорист катары эсептеп жатат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM