Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жакында суюлтулган газдын баасы 2-3 сомго арзандайт

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 723 | 0

Кыргызстанда жакын арада суюлтулган газдын баасы 2-3 сомго арзандашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кыргызстан суюлтулган газ менен учурда Орусиядан жана Казакстандан импорттун эсебинен гана камсыздайт. Ошондой эле аз көлөмдө Армения, Өзбекстан, АКШ, Франциядан келет.

Ал эми суюлтулган газга болгон баалардын өзгөрүшү жогорудагы өлкөлөрдө газга болгон дүң баанын өзгөрүшү менен байланыштуу.

Агенттик тарабынан жүргүзүлгөн баалардын мониторингине ылайык, өндүрүүчү өлкөлөрдөн суюлтулган газдын жеткирилишин эске алуу менен Бишкек шаарындагы суюлтулган газдын баасы учурда 1 литри 36-37 сомду түзөт. Газдын 1 литри жакынкы аралыкта 2-3 сомго арзандашы күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM