Биз менен байланышыңыз

Ош: Кара-Суу районунда аялын өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 253 | 0

Кара-Сууда аялын өлтүрүүгө шектелген жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 4-январдын кечинде Бишкек-Ош жолунда адам өлтүрүү фактысы боюнча милицияга маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам кызматкерлер «Хундай-Санато» унаасынын арткы отургучунан 30 жаштагы Г.Т.нын аялдын жансыз денесин табышкан. Сөөктү кароо учурунда жабырлануучунун мойнунда жоолук оролуп, муунтуунун белгилери аныкталган. Газиеванын денесинен алган жаракаттарынын оордук даражасын жана өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Кылмышка шектелип, 38 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү кармалды.

Шектүүнүн айтымында, өлтүрүлгөн жаран анын экинчи аялы менен ага чейин экөө чырдаша кетишкен. Жаңжал учурунда ал унааны токтоткон, ошол учурда аялы жерден кирпич алып, күйөөсүн урганга үлгүргөн. Урган учурда, күйөөсү аны колу менен бет тарабына 1-2 жолу уруп, жерге жыгылган учурда, анын оозун колу менен жаап, жолугу менен муунтуп, аялы кыймылдабай калган учурда унаанын арткы орундугуна олтургузуп, окуя болгон жерден жылып жатканда милиция кызматкерлери келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Шектүү райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM