Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бир катар сүрөтчүлөргө жыл сайын өтүүчү күзгү- кышкы сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнүн жеңүүүлөрүнө акчалай сыйлык жана дипломдорду тапшырды.
Көргөзмө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде өттү.
Иш- чарага Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев да катышып, мындай иш-чара сүрөтчүлөргө дем берерин айтты.
Көргөзмөнүн жеңүүчүлөрүнө Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналып даярдалган юбилейлик медалдар тапшырылды.