БШКга 2022-жылдын 27-февралында өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышууга 8 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз түштү.
Боршайкомдон билдиришкендей, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аякташы керек болчу.
Биринчи май округу боюнча:
1. Сартаев Анвар Айдарович;
2. Токтакунов Нурбек Акбарович;
3. Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
4. Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.
Свердлов округу боюнча:
1. Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
2. Жолдошова Назгүл Амантуровна;
3. Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
4. Алмамбетова Гуля Идиновна.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.