Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 6 миң 507 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 230 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 277 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 226 миң 671 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 11 миң 247 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган.