Биз менен байланышыңыз

Путин: Тажикстандагы орус аскер базасы коопсуздуктун маанилүү элементи

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 272 | 1

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда Тажикстандагы орус аскер базасы аймактагы коопсуздуктун маанилүү элементтеринин бири экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн стенограммасы Кремлдин сайтында жарыяланды. «Биз бир убакта түзгөн аскер база азыр да өнүгүп жатат, бул аймактагы коопсуздуктун маанилүү элементтеринин бири. Биз бул багытта иштөөнү улантабыз», — деди Путин.

Ал кошумчалагандай, Ооганстан менен чек арадагы кырдаал тынчсызданууну жаратат. Бирок Тажикстандын коргонуу жөндөмүн чыңдоо иштери жүрүп жатат.

Келишимдерге ылайык, Орусия керектүү курал-жарактарды жана техникаларды жеткирүүдө. «Тажикстан ар кандай сырттан келген чабуулдарга натыйжалуу туруштук бере алат», — деп белгилеген Орусия президенти.

Орусиянын Тажикстандагы 201-аскерий базасы Орусиядан тышкаркы эң ири база деп эсептелет. Ал Душанбе жана Бохтар шаарларында жайгашкан. Бул жерде чалгындоо, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлери, ошондой эле байланыш каражаттары бар. Базада мотоаткычтар, танктар, артиллериялык жана абадан коргонуу бөлүктөрү жайгашкан.

6-декабрда Тажикстандагы орусиялык база жаңы кыймылдаткыч системасы, коргонуу комплекси,«Акведук» байланыш системасы жана «Сосна-У» тепловизору бар көп каналдуу көз салуу, базанын зениттик дивизиясы ошондой эле ар кандай аба ырайына ылайыктуу «Верба» ракеталык комплекстерин жана танкка каршы «Корнет» ракеталык комплекстерин, Корд снайпердик мылтыктарын, АК-12 автоматтарын жана алыскы аралыкка атуучу жөө аскерлердин от аткычтарын алды. Ошол эле учурда орус аскерлери базада S-300PS ракеталык системасына симуляцияланган душмандын аба соккусун иштеп чыгышкан.

Быйыл Орусия Борбор Азия өлкөлөрүн ичинен Тажикстанды курал-жарак менен камсыздоону тездетти. «Бул аймактагы кырдаалдын курчушу жана террордук коркунучтарга каршы күрөштү иш жүзүнө ашыруу зарылчылыгы менен шартталган», — деп түшүндүрдү Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов.

Август айында коргоо министри Сергей Шойгу Ооганстандан агрессия болуп, талиптер бийликти басып ала тургандай жагдай жаралса, Орусия Тажикстандагы базаны колдоно турганын билдирген.

Которгон: Майрамгүл Алиева 

1 пикир

1 пикир

  1. Жумадил

    28.12.2021 18:09

    Эн мыкты которгон

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM