Биз менен байланышыңыз

ИИМде Кыргызстандагы Кытай жарандарынын коопсуздугу талкууланды

Кыска кабар | 28 Дек 2021 | 320 | 0

27-декабрда ИИМдин имаратында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Кытайдын Кыргызстандагы кичи-элчиси Ли Баоцзе жана Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Фань Цзюньвэй менен жолугушту.

Жыйынга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо тармагында, Кыргызстандын аймагындагы Кытайдын жарандарынын жана ишкердик мекемелеринин коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды.

Октябрь Урмамбетов эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдар бою калыптанып келген жакшы коңшулук мамилелер Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM