Биз менен байланышыңыз

Атамбаев бошотулган жок. Сот отуруму жылдырылды

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 597 | 0

Жогорку Сот Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин «Батукаев иши» боюнча адвокаттардын бир жыл мурдагы арызын кароону 17-январга жылдырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сот «мыйзамдагы ууру» делген Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин карамак. Иштин айрым материалдары «жашыруун» болгондуктан жыйын жабык өтөрү кабарланган.

Бүгүн сот имаратынын алдына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM