Биз менен байланышыңыз

«Алтын казык» жогорку чыңалуудагы көмөкчордону иштеп баштады

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 419 | 0

Бишкек шаарынын четинде курулган «Алтын казык» жогорку чыңалуудагы көмөкчордонунун ачылышына 22-декабрда президент Садыр Жапаров катышты.

110/10 кВ чыңалуудагы «Алтын казык» көмөк чордону пайдаланууга берилсе, Бишкектин четиндеги Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо жана башка конуштарды, ошондой эле бул аймактарда иш алып барган өнөр жай, коммерциялык объекттерди электр менен камсыздайт.

«Буга чейин карызга алып, энергосистеманын карыздары 130 млрд сомго чейин жеткен. Ишибиздин ушинтип илгерилеши өз күчүбүз менен өлкөбүздүн энергетика тармагын кезек-кезеги менен туруктуу өнүктүрүүгө бекем ишеним жаратат. Ушул сыяктуу өзүбүз жүзөгө ашыра ала турган долбоорлор көп. Алардын ар бири боюнча план түзүлүп, курулуш жүргүзүлөт», — деди президент.

Мамлекет башчы энергетикалык коопсуздукка жетишүүнүн стратегиялык маанисин эске алып, алдыга коюлган милдеттер менен тапшырмалардын аткарылышын жеке өзү көзөмөлдөй турганын билдирди.

«Алтын казык» көмөк чордону 220/110/35/10 кВ учурдагы «Главная», «Тепличная», «Карагачевая», «Нижняя Ала-Арча» көмөкчордондорундагы жүктөмдү азайтат. Кубаттуулугу: 10 мВт.

Президент: ГЭСтердин кубаттуулугу 20%га көтөрүлөт

Copyright © 2017 Maral FM