Биз менен байланышыңыз

Президент: ГЭСтердин кубаттуулугу 20%га көтөрүлөт

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 728 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрь — энергетиктердин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ал Борбор Азия чөлкөмүндө Кыргызстан жогорку энергетикалык потенциалга ээ болгон эки өлкөнүн бири экенин, мөңгүлөр менен  дарыялар өлкө экономикасынын ишенимдүү тиреги болорун билдирди.

Ошону менен катар Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги чоң көйгөй экенин белгилейт.

«Өзүбүздө чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу, энергиянын башка булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп, бөлөк өлкөлөрдүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга аргасыз болуп келебиз», — дейт Жапаров.

Кыргызстанды электр кубаты менен толук камсыз кылуу жана экспорттоо мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү максатында жакынкы жылдарда иштеп жаткан ГЭСтердин кубаттуулугун 20%га көтөрүлүп, жаңыланат. Ошондой эле CASA-1000 долбоору киргизилет.

Энергиянын атаандаш булактарын пайдаланууга берүү, Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСин иштетүү, мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн алкагында Талас облусундагы Киров суу сактагычында өндүрүмү 25 мегаватт болгон Бала-Саруу ГЭСин, ал эми Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 мегаватт түзгөн чакан ГЭСти жана Кемин районунун Чүй айланма каналында чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM