Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Силкинүү 21-декабрда саат 9дан 7 мүнөт өткөндө болгон.
Силкинүүнүн очогундагы жана Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы күчү 3 баллга жеткен.
Ал эми Жаңы-Жер, Кара-Тумшук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.