Салыктын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн негизги суммасын төлөөдө чегерилген туум, санкцияларды жоюунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн туум жана айыптар 100 пайыз эсептен чыгарылат.
2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат.
Реструктуризацияга 2020-жылдын 1-июлуна чейинки карыздар тийиштүү.
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу зарыл.
Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.