Бүгүн, 16-декабрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгонун Чек ара кызматынан билдиришти.
Кыргызстандын жарандары Баткен районундагы Көчө-Бою тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерге Тажикстандын УКМКсынын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан.
Сүйлөшүү жаңжалга айланган. Чатак учурунда Тажикстандын атайын кызматынын кызматкерлеринин бири «Макаров» тапанчасынан асманга 4 жолу ок чыгарган.
Кыргызстандын Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара районунун чек ара өкүлдөрү жолугушкан.
Кыргызстандын жарандары чек ара тилкесине жакын эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш иштерин жүргүзгөндүктөн, тажик тарап курал колдонуунун мыйзамсыз болгонун моюндашкан.
Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскер кызматкерлерине чара көрүлөрүн билдирген.
Тараптар бир тараптуу иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын чыгаруу үчүн жолугушууну макулдашкан.
Учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.