Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Сох анклавына туруктуу авиакаттам ачты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 830 | 0

Өзбекстан Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына Фергана облусунан туруктуу аба каттамын ишке киргизди. Бул тууралуу «Кун.уз» басылмасы жазды.

12-декабрда Humo Air авиакомпаниясына тийиштүү Ан-2P жүргүнчү ташуучу учагы Фергана эл аралык аба майданынан Сохтогу жаңы курулган аэродромго келип конгон. Мындан ары бул авиакаттам туруктуу иштей турганы айтылды.

Учуу убактысы: 30 мүнөт. Ал эми билеттин баасы 150 000 өзбек суму (1175 сом) деп белгиленген. Бул учак 10 жүргүнчүгө ылайыкталып, анклавдын калкын экономикалык жактан колдоо үчүн мамлекеттин демилгеси менен ишке кирген. Учурда авиакаттам күнүнө бир маал учууда. Суроо-талапка жараша күнүнө эки маал каттай турганы айтылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан тарап 2021-жылга чейин Сох анклавына авиакаттамдын ачылуусуна каршы болуп келген. Быйыл эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусунда Сохто бир канча жыл кечиктирилип келген аэродромду куруу иштери башталган болчу.

Анклавдар менен алака кылууда абайлоо зарыл

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM