Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кырк үч адам айыгып, эки адам каза тапты

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 265 | 0

COVID-19 боюнча республикалык штаб 16-декабрга карата 39 адамдын коронавирус жугузуп алганын маалымдады.

Алардын 18и Бишкек шаарынан, бирөө Ош шаарынан, 9у Чүй облусунан, экөө Ош облусунан, экөө Талас облусунан, үчөө Ысык-Көл облусунан, үчөө Жалал-Абад облусунан, бирөө Баткен облусунан катталган.

Акыркы сутка ичинде 43 адам сакайып чыгып, Бишкек шаарынан эки адам көз жумду.

Учурда стационарларда 313 бейтап, амбулатордук түрдө 351 бейтап дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 184 миң 94 адам коронавирус жугузган. Булардын ичинен 179 миң 166сы сакайып чыкса, 2 миң 777си каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM