Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келгенин бүгүн, 14-декабрда «АКИpress» агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Москва-Бишкек каттамында саат 04:40та уулу Илим менен келген.
Келгени тууралуу маалыматты Акаевдин жанында жүргөн адамдар тастыкташты.
Анын Бишкекке эмне себептен келгени азырынча белгисиз.