Биз менен байланышыңыз

Назаралиев: «Жашыл энергияга» болгон талап ыкчам өсүүдө (видео)

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 336 | 0

Биздин негизги ишибиз инжиниринг тармагы болгондуктан жашыл энергия боюнча көптөн бери иштейбиз. Биринчи чоң ишибизди Борбор Азиядагы Америка университетинде жасаганбыз. Ал жерде муздатуу жана ысытуу системасы жер астындагы жылуулукту алып, насос менен жасайт. Ошондон кийин буга болгон кызыгуубуз артты. Жерди терең казып жасаган система кымбат болгондуктан, аба менен иштеген насос системасын жасап баштадык. Мындай пикирин «Элсист» инжинирингдик компаниянын техникалык директору Советбек Назаралиев билдирди.

Анын айтымында, аба менен иштеген жылытуучу насостун кемчиликтери да бар. Сырттагы температура 15 градус суук болуп кеткенде, күчү азая баштайт. Бирок баары бир натыйжа берип, 1 кВт энергиядан 5 кВт электро энергиянын көлөмүндөгү ысыктык алууга болот.

«4-5 эсе пайдалуу болгондуктан, бул бизнес тармагы өсүп жатат. Бул эсептин негизинде эле технологиялар өзүнөн-өзү өнүгүүдө. Биз аба алмаштыруу жасаганда үйдүн ичиндеги жылуу абаны жөн эле ыргытып жибербей, ошонун энергиясын колдонуп, сырттан келе жаткан абаны жылытабыз. Бул эң аягындагы эсепке караганда электр энергиясынан арзан болгондуктан, бизнес бул системаны өзүнөн-өзү кабыл ала баштады. Бул өтө маанилүү үнөмдөө болгондуктан, тез өнүгүү болуп жатат. Бүгүнкү күндө соода борборлору жана офистер ушул системага өтүүдө. Эми эл жашаган жерде 15 градус суук болуп иштебей калса, кандай болот деген маселенин үстүнөн иштеп жатабыз», — деди Назаралиев.

Мындан сырткары ал кургакчылык болуп жаткандыктан, Күндөн энергия алып, талааларга тамчылатып суу чыгаруу системасын изилдеп жатканын билдирди. Ошондой эле чакан ГЭСтерди курууга да кызыгып жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM