Биз менен байланышыңыз

Тарых музейинде гендердик зомбулукка каршы иш-чара өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 494 | 0

Бүгүн 10-декабрда Мамлекеттик тарых музейинде «Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» өнөктүгүн жыйынтыктаган «Коркпо! Токтот! Жаша!» аталышындагы иш-чара өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озоннио Ожиело, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйында аял манасчылардын жашоосу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, «Ак бата» мультимедиалык сайтынын таанытымы өткөрүлдү. Ошондой эле талкуу, пикирлер да орун алды.

Айта кетсек, «Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» өнөктүгү 25-ноябрда Баткен шаарында башталган. Андан бери өлкөнүн бардык облусундагы мекемелерде, окуу жайларда жана башка жерлеринде, жыйындар, тренингдер, лекциялар, семинарлар, концерттер өткөрүлгөн.

Өнөктүк «Теңдик нуру» глобалдык демилгесинин алкагында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган. Ага Бириккен Улуттук Уюму, Европа Биримдиги, Кыргызстандын Министрлер кабинети, Калкты жайгаштыруу фонду колдоо көрсөткөн.

Copyright © 2017 Maral FM