Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда адабият жумалыгы башталды (иш-чаралардын тизмеси)

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 473 | 0

Кыргызстанда адабият жумалыгы башталды. Ал 10-15-декабрь күндөрү болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Жумалыкты министрлик, ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоору жана К. Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы өткөрүүдө.

Майрамдык адабият жумалыгына арналган иш-чаралар:

Бишкек шаарында 10-декабрда саат 11:30да Ч. Айтматовдун айкелинин алдына гүл коюу аземи уюштурулат жана «Айтматовду окуйбуз» аталышындагы флешмоб өткөрүлөт.

К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 12:00дөн 16:00 чейин мектеп окуучулары, студенттер жана шаар тургундары үчүн майрамга арналган чоң иш-чара өткөрүлөт.

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөлөр, акын-жазуучулар менен кездешүүлөр жана ар түрдүү аянтчалар тартууланат.

Алар: Жылдыздар аянтчасы, Театр, кино аянтчалар, чыгармачылык, оюн-зоок аянтчалары, техникалык (Мейкр спейс), музыкалык аянтчалар.

Кенже балдар үчүн «Рабаят» куурчак театрынын спектакли көргөзүлөт. Конкурс, викторина, мастер-класстарга катышкан балдарды белектер күтөт.

«Айтматовду окуйбуз» акциясы уюштурулуп, Чыңгыз Айтматовдун, Алыкул Осмоновдун, кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары боюнча көркөм окуу өткөрүлөт. Китептердин бет ачарлары, белгилүү акын-жазуучулар балдарга өз чыгармаларын окуп беришет.

Нарын, Баткен, Бишкек шаардык китепканалары «Окурман автобус», «Окурман троллейбус» акцияларын өткөрүшөт. Бардык аймактын китепканаларында адабий кечелер, көркөм окуулар, конференциялар, тегерек столдор, балдар үчүн викторина, сынактар, оюн-зооктор уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM