Биз менен байланышыңыз

Коронавирус эң көп Бишкекте катталды

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 283 | 0

10-декабрга карата Кыргызстанда коронавирустун 53 учуру аныкталды. Анын эң көбү Бишкекте катталды.

— Бишкек — ​​25,

— Чүй облусу — 15,

— Жалал-Абад облусу — 4,

— Баткен облусу — 4,

— Ысык-Көл облусунда — 3,

— Ош облусу — 2 учур.

Муну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 183 миң 863кө жетти.

Акыркы сутка ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда коронавирустан 2 адам каза болду. Былтыр март айында пандемия башталгандан тарта 2766 адам көз жумду.

Бир сутка ичинде 54 адам, анын ичинен Бишкекте 15, Чүй облусунда 10, Ошто 5, Ысык-Көлдө 14, Жалал-Абадда 7, Баткенде 3 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандар расмий маалыматтар боюнча 178 905 адам.

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 9 миң 198 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 4 миң 515 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 835 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча 1 млн 153 миң 444 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 933 миң 757 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM