Биз менен байланышыңыз

Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 10 Дек 2021 | 238 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына видео байланыш аркылуу катышат. Жыйынга быйыл Казакстан төрагалык кылат.

Мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, анын ичинде 2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясынын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу айтылат.

Мындан тышкары, Евразия Экономикалык Биримдигине жүк ташууларга байкоо салуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата бюджетинин долбоору, ЕАЭБдин 2022-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттары каралышы күтүлүүдө.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына төрагалык кылуу Казакстандан кийин Кыргызстанга өткөрүлүп берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM