Кыргызстанда 9-декабрга карата дагы 66 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:
Бишкек шаарында – 41,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 16,
Ош облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 5,
Баткен облусунда – 1 адамдан илдет жаңы табылган. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 183 миң 810 адам коронавирус жуктурган.
Соңку суткада 2 бейтап каза болду, жалпы өлүм учурлары 2 миң 764 болду.
Ал эми бир суткада 74 адам илдеттен сакайып чыгып, жалпы сакайгандар 178 миң 851 киши болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда 365 бейтап, үй шартында 347 адам дарыланууда.