Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Дүйнөдө 267 миллиондон ашуун адам илдетке чалдыккан

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 514 | 0

Дүйнөдө 267 миллиондон ашуун адам COVID-19 инфекциясына чалдыгып, анын ичинен 5,2 миллиондон ашыгы каза тапты.

Акыркы суткада дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 686 миң 263 адамга көбөйдү. Бул маалымат окумуштуулар иштеп чыккан онлайн картага жарыяланды.

Жалпысынан дүйнөдө 267 миллион 87 миң 259 адам коронавирус жугузган. Ооруга чалдыккандардын эң көбү АКШ (49 миллион 380 миң 791 адам), Индия (34 миллион 648 миң 383 адам), Бразилия (22 миллион 157 миң 726 адам), Франция (8 миллион 94 миң 445 адам), Улуу Британия (10 миллион 620 миң 535 адам), Орусия (9 миллион 692 миң 411 адам), Түркия (8 миллион 945 миң 807 адам), Аргентина (5 миллион 346 миң 242 адам), Иран (6 миллион 141 миң 335 адам), Колумбия (5 миллион 84 миң 466 адам), Испания (5 миллион 84 миң 466 адам), Италия (5 миллион 134 миң 318 адам) жана Германия (6 миллион 270 миң 771 адам) өлкөлөрүндө катталган.

Коронавирустан каза болгондордун саны 5 миллион 270 миң 558ге жетти. Бир сутка ичинде бул көрсөткүч 8 миң 691 адамга көбөйдү. Анын ичинде АКШда — 791 миң 514 адам, Бразилияда — 616 миң 18 адам, Индияда — 473 миң 757 адам, Мексикада — 295 миң 313 адам, Орусияда — 278 миң 131 адам, Улуу Британияда — 146 миң 281 адам, Италияда — 134 миң 386 адам көз жумган.

Борбор Азия өлкөлөрүндө Кыргызстанда — 183 миң 744 адам, Казакстанда — 1 миллион 59 миң 309 адам, Өзбекстанда — 194 миң 703 адам, Тажикстанда — 17 миң 493 адам ооруга чалдыккан.

Copyright © 2017 Maral FM