Биз менен байланышыңыз

Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 6 Дек 2021 | 234 | 0

Бүгүн, 6-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

Ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM