Эртең, 7-декабрда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…+11, күндүз -4…+1;
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;
Бишкекте 7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +8…+10 градус жылуу.