Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынын 34 жаңы учуру аныкталды. Анын ичинен үч учур дарыгерлер арасында катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында – 26, Ошто – 1, Ысык-Көлдө – 5, Баткенде – 2 адамдан коронавирус аныкталган.
2020-жылдын март айынан бери 183 649 адамга коронавирус жукту.
Соңку суткада эки бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2760ка жетти.
Бир сутка ичинде 49 адам айыкты. Бишкек шаарында – 20, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 6, Ош шаарында – 1, Таласта – 5, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абадда – 8, Баткенде – 2 адам айыгып чыкты.
Расмий маалыматтар боюнча 178 миң 651 адам коронавирустан айыкты.
Учурда үй шартында 382, ооруканаларда 373 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 30 адам оор абалда.