Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынан 6-декабрь саат 00:22 чамасында BMW үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсыктын кесепетинен бир эркек, бир аял киши каза болгон. Учурда аты-жөндөрү такталууда.
Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жерине төрт куткаруучу, милиция кызматы жана тез жардам кызматы тартылган.