Биз менен байланышыңыз

Президент: «Манас» эпосун жаңыча шартта изилдеп, жайылтуу керек

Кыска кабар | 4 Дек 2021 | 329 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады. Анда «Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхын, каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлактык жүрүм-турумун, жалпы эле рухий жана социалдык турмушун чагылдырган эң баалуу энциклопедиялык булак экени айтылат.

«Мен улуу дастаныбызды муундан муунга өткөрүп, сактап келген манасчыларыбызга, аны жыйнап, изилдеп, жайылтууда мээнет тарткан изилдөөчүлөрүбүзгө башымды ийип, таазим этем», — дейт президент.

Ошондой эле ал эпосту жаңы шартта иликтеп, андагы баалуулуктарды жаштардын аң-сезимине сиңирүү зарылдыгын айтты.

Мындан сырткары, эпостун негизинде көп сериялуу кинофильмдерди, балдар үчүн анимациялык тасмаларды тартып, «Манастын» ыр, кара сөз түрүндөгү варианттарын түзүп, аларды дүйнөнүн негизги тилдерине которуп, жайылтуу керектигин белгиледи.

Кыргызстанда 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү белгиленет. Ага карата Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 11 де «Манас айтсак кулак бүтөт ташкадагы, Манасчылар өнөргө бай башкадагы» деген аталыштагы Кыргызстандын баардык манасчылары катышкан театрлаштырылган иш чара өткөрүлөт.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM