Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Жолдордо кар, муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19;
Талас жергесинде түнкүсүн -3…+3, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2;
Бишкекте 2-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +17…+19 градус жылуу.