Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң чоң деп саналган учак Кыргызстанга учуп келди

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 410 | 0

Дүйнөдөгү эң чоң деп саналган учак «Мрия» Кыргызстанга учуп келди. Ан-225 «Мрия» 28-ноябрда эл аралык «Манас» аэропортуна конду. Бул тууралуу аталган аэропорттон кабарлашты.

Узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 метр жана жайылган канаты 88,4 метрди түзгөн чоң аба кемесин дүйнөнүн бардык аэропорттору кабыл ала албайт.

«Мрия» Кыргызстанга үчүнчү жолу учуп келди. Буга чейин ал 2013 жана 2018-жылдары келген.

Ан-225 «Мрия» — дүйнөлүк авиациянын тарыхындагы эң чоң жана жүк көтөрүүчү учак жалгыз гана нускада бар. Авиация майы менен толук толтурулганда 15 миң километрден ашык аралыкты басып өтө алат.

Учак СССРде бир жалгыз гана нускада Киев механикалык заводунда (долбоордун жетекчиси – В. И. Толмачев) 1984−88-жылдары долбоорлонгон жана жасалган. Учак биринчи жолу 1988-жылы 21-декабрда учкан.

Ан-225 учагын курулушунун максаты  көп жолу колдонулуучу «Буран» космостук кеме долбоору үчүн аба транспорт системасын түзүү зарылчылыгы себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM